Ош шаарында унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 37 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Анда ал 29-марттан 30-мартка караган түнү белгисиз адам Тойота Камри унаасын уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 24 жаштагы Өзгөн районунун тургуну кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.