18-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 миллиард 582 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Учурда суу сактагычка суунун агып кириши секундуна 128 метр куб, ал эми агып чыгышы секундуна 686 метр кубду түзүүдө. Былтыркы жылы бул маалда суу сактагычтагы суунун көлөмү 14 миллиард 941 миллион метр куб болгон. Ал эми суунун агып кириши секундуна 160 метр куб, агып чыгышы 739 метр кубду түзгөн.