Жылнаама, 28-апрель: Мындан 12 жыл мурун Кыргызстан "КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги 7 жакыр мамлекеттин эң коррупцияланган өлкөсү" деп табылган

* Мындан 26 жыл мурун, 1989-жылы "Ак-Өргө city" командасынын оюнчусу, "тамашоучу" Эмил Эсеналиев Нарын районундагы Он-Арча айылында туулган. "Тамашоудон" сырткары алып баруучулук, актёрлук менен да алектенип, "До+Фа", "До+Фа-2", "Пентхаус", "Мачо" тасмаларына тартылган.
 
* Мындан 12 жыл мурун, 2003-жылы Кыргыз Республикасы "КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги 7 жакыр мамлекеттин эң коррупцияланган өлкөсү" деп табылган. Бул маалыматты Эл аралык валюталык фонд, Дүйнөлүк банк, Европа өнүгүү банкы жана Азия банкы биргелешкен отчётунда чыгарышкан.
* Мындан 78 жыл мурун, 1937-жылы Ирак өлкөсүнүн 1979-2003-жылдардагы президенти Саддам Хусейн суннит мусулманы болгон карапайым дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Саддам Хусейн 9 жашка чейин мектеп босогосун аттаган эмес. 1960-жылы Хусейн Египеттеги орто окуу жайлардын бирин аяктап, Каирдеги университетте юридикалык билим ала баштаган. 1979-жылдын 16-июнунан тартып Саддам Хусейн Ирактын президенти болгон. 
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун күлүгү түркмөндөрдүн ат чабыш майрамында 1-орунду ээлеген. Күлүктү байгеге президент өзү минип чаап, жыйынтыгында 1-орун үчүн сайылган 11 миллион долларды утуп кеткен.
28-апрелде кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан