Бишкекте мурдагы прокуратура кызматкери Кубанычбек Бакиев кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кубанычбек Бакиев 2008-жылы издөөгө алынган. Ал Кыргыз Республикасынын жаранынан уурдалган балдарын табууга жардамдашуу үчүн 35 миң доллар алып, качып кеткен. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.