Аламүдүн районунун айрым жерлеринде электр жарыгын берүү чектелет
Бүгүн, 19-февралда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Аламүдүн районуна караштуу Константиновка айылында жана Луговое айылынын бир бөлүгүндө электр энергиясын берүү
чектелет. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Электр
жарыгынын өчүрүлүшү “Константиновка” көмөк чордонунун аба чубалгысынын оңдоо иштерине
байланыштуу болмокчу.