Лейлек районунда каракчылыкка шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 25-апрель түнү Жаңы-Жер айыл аймагында болгон. Анда белгисиз адамдар жергиликтүү ишкердин үйүнө киришип, 18 жаштагы баласын таңып, акча талап кылышкан. Бирок үй ээси баласы менен бирге аларга каршылык көрсөтүп, кылмышкерлердин бирин кармап калышкан. Калгандары качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Бул боюнча ыкчам кармоо иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 6 адам кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.