Нарын районунда болгон катуу шамал мектептин чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, катуу шамал 26-апрель күнү саат 20:00 чамасында Нарын районуна караштуу Достук айылында болгон. Анда катуу шамал айылдагы орто мектептин чатырын учуруп кеткен.