Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети "Мугалим" коомдук бирикмесин түздү. Уюмдун максаты - мугалимдердин, тарбиячылардын, билим берүү жана илимий кызматкерлердин жарандык, социалдык, маданий, гуманитардык жана экономикалык укугун коргоо жана алардын ишмердүүлүгүнө жакшы шарт түзүүгө көмөктөшүү. ЖКнын маалымат кызматынын билдиришинче, ага өлкөнүн бардык аймактарынан мугалимдер кирүүдө.
Бирикменин расмий ачылышы бүгүн, 28-апрелде парламентте өтөт.