Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Ош шаарында 1 өрт кырсыгы болгон.
Бишкекте 70 чарчы метр болгон павильон күйүп кетти. Кырсыктын келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо эрежелердин бузулушу себеп болгон.