Жети-Өгүз райондук ооруканасында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды

Жети-Өгүз райондук ооруканасында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2014-жылдын октябрь айында аталган оорукананын кызмат адамдары 3 палатага суу түтүктөрүн киргизүү боюнча эч жерде иштебеген жаран менен жалган келишим түзүшкөн. Анын кесепетинен мамлекетке 32 миң сом зыян келтирилген. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан