Кадамжай районунда мамлекеттик чек араны бузган Өзбекстандын эки жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, чек араны бузгандар "Айдаркен" чек ара отрядынын чек арачылары тарабынан кармалышкан. Алардын жанында өздүгүн аныктаган документтери болгон эмес. Учурда алар милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.