Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевди "КРнын Баатыры" наамына көрсөтүү сунушталууда

Кыргызстандык Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевди “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген эң жогорку артыкчылык даражасына көрсөтүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору бүгүн, 19-февралда ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында каралат. Мыйзам долбоорун депутат, аталган комитеттин төрагасы Каныбек Осмоналиев демилгелөөдө.  Айта кетсек, спортчу Каныбек Осмоналиев оор атлетика боюнча 1980-жылдагы Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, Дүйнөнүн 4 жолку, Европанын 2 жолку чемпиону. 

 

Сүрөттө:

1. Каныбек Осмоналиев - ЖКнын депутаты,

2. Олимпиада чемпиону - Каныбек Осмоналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан