Түркияда адам өлтүрүү фактысына шектелип 3 кыргыз жараны изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде түркиялык маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, окуя 18-март күнү Анталияда болгон. Анда 41 жаштагы түрк жаранын белгисиз адмдар өлтүрүшүп, 30 миң доллар акчасын алып кетишкен. Учурда бул кылмышка шектүү катары маркумдун сүйлөшкөн кызы жанан анын эки досу изделүүдө. Алардын баары Кыргыз Республикасынын жарандары болушкан.