Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңеш менен Орусиянын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташтык боюнча Парламент аралык комиссиянын мүчөлөрү Ош шаардык кеңешинин депутаттары менен жолугушту.
Жолугушууда регион аралык кызматташтыктын, эки өлкөнүн ар кайсы шаарларынын ортосундагы байланышты өнүктүрүүнүн маселелери талкууланды. Вице-мэр Ильич Эргешов жана шаардык кеңештин төрагасы Улан Примов белгилешкендей, Ош шаары көп кылымдык тарыхы, улут аралык жана дин аралык мамилелердин кайталангыс түзүмү менен өзгөчөлөнөт.
"Парламент аралык комиссиянын отуруму - аймактын дареметин ачып бериш үчүн реалдуу аянтча, ал мурда жетишилген макулдашуулар менен келишимдерди бекемдегенге мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары Ош шаары Новосибирск жана Санкт-Петербург шаарлары менен бир тууган болуп эсептелет, биз Орусиянын түндүк борбору менен кызматташуу жөнүндө меморандумга да кол койдук",- деди вице-мэр Эргешов.
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Кыргыз Республикасы евразиялык интеграция менен байланышкан, кылымга тете мааниси бар окуялардын босогосунда турганын баса белгиледи. "Өлкөлөрдүн ортосундагы отурумдарды өткөрүү аркылуу кызматташтыктын үлгүсүн көрсөтүү өтө маанилүү. Биздин ишибизден ар бир жаран пайда көрүшү керек",- деди ал.
Иманалиев ошондой эле 2010-жылдын Июнь окуяларынан кийин абалды жөнгө салууга зор салым кошкон шаардык кеңештин депутаттарынын ишине жогору баа берди. "Жергиликтүү парламентчилер мэриянын ишин тыкыр көзөмөлдөп, актуалдуу маселелерди көтөрүп турушат, дал ошондуктан Ош шаары абдан тез өнүгүүдө",- деп айтты Иманалиев.
Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Коргонуу комитетинин төрагасынын орун басары Виктор Заварзин эки өлкөнүн жетекчилигинен тартып жергиликтүү бийлик органдарына чейин эки өлкө ортосундагы мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү зарыл экенине көңүл бурду. "Биз тараптардын кызматташтыгын күчөтүүгө багытталган иш-чараларды өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасы менен Орусиянын жергиликтүү бийлик органдарынын демилгелерин ар тараптан колдошубуз керек",- деген Заварзин КР менен РФнын жергиликтүү мыйзам чыгаруу бийлик органдарынын ортосундагы мамилени өнүктүрүү актуалдуу экенине токтолду.