26-февралда Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде “Учурдан өткөн заманга: Ооган кыргыздарынын жашоо-турмушу” аттуу көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу аталган музейдин кызматкерлери билдиришти. Маалым болгондой, көргөзмө “Вахандыктар”, “Тоодон тоо гана жакшы боло алат" жана "Дүйнөнүн чокусунда” аттуу тематикалык сүрөттөрдү камтыйт. Анда Ооганстандагы этникалык кыргыздардын жашоосу, алардын башка улуттар менен болгон соода-сатык иштери, мамилелери, ошондой эле табияттын сулуулугу чагылдырылат.