Жыл башынан бери өлкө аймагында 82 баңги кылмышынын бети ачылган. Бул
тууралуу бүгүн, 28-апрелде
Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мыйзамсыз жүгүртүүдөгү 1 тонна 396 килограмм маңзаты алынып, 79 кылмыш иши козголгон. Ошондой эле 74 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Алардын арасында Тажикстандын 4 жараны бар.