Сотто "ата журтчу" депутаттардын туугандары практикант студенттерди залдан кууп чыгышты
Бүгүн, 19-февралда Биринчи Май райондук сотунда депутаттар
Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана Камчыбек Ташиев боюнча уланып жаткан сот ишине
катышууга практикант студенттерди жана ММК
өкүлдөрүн депутаттардын туугандары жаман сөздөр менен тилдеп, сот залынан кууп чыгышты. «Биз туугандарыбызды көрө албай көчөдө калып жатабыз, а бул
жакта жапжаш балдар сынагансып келип отурушат. Андай болсо чоң зал берип
койбойбу, 20 кишилик зал берип, кайра 20 практикантты киргизип коюшат» деп
нааразычылыктарын айтышты алар.