Атылган снаряд Кара-Суу районундагы турак үйлөрдүн биринин чатырына тийди. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 27-апрель күнү аталган райондун Кызыл-Байрак айылында болгон. Анда белгисиз тараптан атылган снаряд турак үйлөрдүн биринин чатырына тийип, бирок жарылган эмес. Окуянын келип чыгуусуна Ош облусундагы аскер бөлүктөрүнүн кээ бир кызматкерлеринин шалаакылыгы себеп болгон.