Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештеги фракциялардын кеңейтилген жыйынында "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзамы боюнча "Референдум жарыялоо жөнүндө (жалпы элдик добуш берүү)" мыйзам долбоорлору каралууда.
Жыйында депутат Данияр Тербишалиев депутат Феликс Куловго "Баш мыйзамды өзгөртүүгө эмне түрткү болду? Анын өзгөрүшү менен баары оңолуп кетеби? "Бул жакшы натыйжа берет" деп кепилдик бере аласызбы?" деген суроолорун берди.
Ф.Кулов өз кезегинде Конституцияны өзгөртүүнү демилгелөөгө эл менен жолугушууда бийликти бекемдөө боюнча сунуштар түрткү болгонун айтты. "Баш мыйзамда кемчиликтер бар. Аларды алып салыш керек. Ал эми конституциялык мыйзамдардын аткарылышын тиешелүү мекемелер көзөмөлдөйт",- деди Кулов.