Сот Камчыбек Ташиевдин жактоочусунун өтүнүчүн орундатты
Бүгүн,19-февралда депутаттар
Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча сот иши уланууда. Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов Башкы прокурор Аида Салянованын «Кумтөрдүн» 1 миллиард 359 миллион сом карызын негизсиз түрдө жокко чыгаргандыгы
тууралуу корутундуну кылмыш ишине тиркеп коюуну өтүндү. Ал эми депутат Садыр Жапаров: «Бул маселени мага кылмыш иши козголордон 6 ай
мурун көтөрүп чыккам, ошондуктан Аида Салянова мага өчөшүп жатат. Бул корутунду
сөзсүз түрдө кылмыш ишине тиркелиши керек»,- деди.
Бул өтүнүчтү сот ишине төрагалык кылуучу Адылбек Субанкулов канааттандырды.