Билим берүү жана илим министрлиги 240 сааттык мектепке чейинки даярдоо программасынын саатын көбөйтүүнү пландоодо

Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдө 3-класстын мектеп окуучулары үчүн куррикулум стандартын киргизүүнү сунуштоодо. Бул маалымат аталган министрликтин 2012-жылдын жыйынтыгы жана быйылкы жылы жасала турган иштерди пландаган коллегиялык жыйынында белгилүү болду. Ошондой эле быйылкы жылды пландоодо 240 сааттык мектепке чейинки даярдоо программасынын саатын көбөйтүү, “100 инновациялык мектеп” программасын ишке ашыруу маселеси да каралууда. Мындан башка мугалимдердин билим деңгээлин өстүрүү, аларды окуучуларды баалоонун жаңы ыкмаларын үйрөтүү жагы да каралууда. Айта кетсек, куррикулум - окуучуларга көлөмдүү темаларды окутуу менен чектелбей, алардын өз оюн айтууга, тема боюнча талдоо жүргүзүүгө үйрөтүү болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан