
* Мындан 137 жыл мурун, 1878-жылы Токмок шаарында орун алган уезддик борбор Бишкекке көчүрүлүп, ага шаар статусу берилген. Шаар статусу анын өсүүсүнө жол ачып, ХХ кылымдын башында Пишпекке 40ка чукул көчө түшкөн. 1885-жылы Пишпекте 2227 адам жашаса, 2013-жылы миллионго жеткен.

* Мындан 3 жыл мурун, 2012-жылы Аксы районундагы Кара-Дөбө айылындагы катуу сел 103 үйдүн кошумча курулуштарын, айдоо жерлерин каптаган жана райондун борбору менен байланыштырган жалгыз көпүрөсүн жууп кеткен. Аталган райондун Кара-Суу айылында дагы ондогон үйлөрдү сел каптап, мал сарай, айдоо аңыздары ылайдын астында калган.

* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы
ханзаада Уильям менен Кэтрин Элизабеттин үйлөнүү тою болуп өткөн. 29 жаштагы ханзаада Уильям Артур Филипп Луис тойдон кийин ханыша чоң энесинин буйругу менен Кембриж герцогу, Стратерн (Шотландия облусу) графы, Каррикфергюс (Түндүк Ирландия району) барону болуп калган. Уильям – ханзаада Чарльз Уэльский менен анын биринчи жубайы – ханбийке Диананын уулу, Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIнин небереси. Кэтрин Элизабет турмушка чыккандан кийин Кембриж герцогинясы деп аталган. Бирок ак сөөктүн тукуму болбогондуктан, ханбийке титулу ыйгарылган эмес. 29 жаштагы Кейттин апасы Элизабет стюардесса, ал эми атасы Майкл авиадиспетчер болуп иштеген. 1987-жылы үй-бүлө "Party Pieces" аттуу компания түзүп, анын артынан миллионер болушкан.
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы АКШнын Огайо штатындагы мектептердин бириндеги бир окуучу классташтарынын көзүнчө өзүн өзү тапанча менен башка атып алган. Окуя Цинциннати шаарында, мектепте биринчи сабак өтүлүп жаткан учурда болгон. Окуучу Грега Тэнкерсли өзүнүн башына тапанча такап атып алса да тирүү калган.