Баткен облусунун Кадамжай районунда мамлекеттик чек ара режимин бузган Казакстандын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган жаран "Айдаркен" чек ара отрядынын чек арачылары тарабынан Көк-Талаа айылынан кармалган. Тиешелүү документтер толтурулуп, казак жараны милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.