Жогорку Кеңештин делегациясы Баку шаарындагы Ачык коомдун глобалдуу форумунун III жыйынына катышууда

Жогорку Кеңештин депутаттары Бөдөш Мамырова, Айнуру Алтыбаева баштаган кыргыз мамлекетинин парламенттик делегациясы Баку шаарында Ачык коомдун глобалдуу форумунун III жыйынына катышууда. Бул тууралуу 28-апрелде ЖКнын маалымат кызматы билдирди. 

Иш-чаранын жүрүшүндө Германиянын канцлери Ангела Меркелдин, Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерондун, БУУнун мурдагы башкы катчысы Бутрос Галинин, АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Генри Киссинжердин кайрылуулары угулуп, Азербайжандын, Болгариянын жана Македониянын президенттери, Мальтанын премьер-министри баяндама жасашты.

Маалыматка таянсак, форумда демократияны өнүктүрүү, билим берүү, экология, энергетикалык коопсуздук, улуттук жана башка жагдайлардан улам болуп жаткан чыр-чатактардын себептери, терроризм коркунучу, диндер аралык диалогдун актуалдуулугу, тынчтыкты сактоодогу аялдардын орду кеңири талкууга алынууда. 

Иш-чара быйыл 30-апрелде жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан