Валерий Диль: "Токмоктогу мунай заводу ишке даяр"

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Валерий Диль 27-апрелде түштүк кореялык инвесторлор делегациясын кабыл алды. Жолугушууда инвесторлор "Жалал-Абад мунайды кайра иштетүүчү заводуна" карата кызыгуусун айтышып, заводду жабдууга жана М-590 маркасындагы отунду өндүрүү үчүн ташып келүүлөрдү уюштуруу ниетин билдиришти. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты. 

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Токмок шаарындагы кубаттуулугу 600 миң тонналык мунай заводу мунай өндүрүүгө даяр экенин билдирди.

“Тобокелдиктер эң төмөнкү чекке чейин жеткирилет. Кичи жана орто ГЭСтерди курууда өкмөт өз тарабынан электр энергиясын 6,2 центтен сатып алуу кепилдигин берет, бул учурда долбоордун кайтарымдуулук мөөнөтү 5 жылга чейинки мезгилди түзөт. Корея жана Кыргыз Республикасынын ортосунда инвестицияларды коргоо жөнүндө келишим бар, бул маанилүү фактор",- деди Диль.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан