Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева ШКУга мүчө өлкөлөрдүн Жогорку Сотторунун төрагаларынын кеңешмесине катышат

КРнын Жогорку Сотунун төрайымы Феруза Жамашева Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Жогорку Сотторунун төрагаларынын 8-кеңешмесине катышат. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Аталган кеңешме ушул жылдын 20-февралынан 21-февралына чейин Москва шаарында өтөт. Буга байланыштуу Жамашева баштаган делегация Орусияга бүгүн, 19-февралда учуп кетишти.

Кеңешменин биринчи күнүндө "Кардарлардын укугун коргоо", "Соттор ортосундагы баңги кылмыштарына байланышкан соттук  иштер боюнча кызматташтыкты бекемдөө", "Сот тутумундагы коррупцияга каршы аракет" аттуу темалар талкууланат. Иш-чаранын экинчи күнү аталган кеңешменин биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу, ага кол коюу иштери болмокчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан