Жогорку Кеңештин депутаттары мектептерде окуу сааттарынын кыскарышын талкуулашты

Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин 28-апрелдеги жыйынында окуу сааттарынын кыскарышы боюнча Кочкор районундагы И.Арабаев атындагы мектептин мугалимдеринин жана Тоң районунун Тогуз-Булак айылындагы мектептин сапатсыз курулушу боюнча айылдык кеңештин депутаттарынын кайрылуулары каралды.

Мугалимдер мектептерде география, физика, химия, биология сабактары боюнча сааттарды кыскартууга багытталып Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан иштелип чыккан сааттар торчосунун долбооруна нааразычылыктарын билдиришкен. 

Ал эми Тогуз-Булак айылындагы мектеп 2005-жылы курулганы менен, тиешелүү эксперттер "окуу процессин жүргүзүүгө жараксыз" деген корутунду чыгарып беришкени айтылды. 

Комитет төрагасы Каныбек Осмоналиев мындай көйгөйлөр жалпы республикага мүнөздүү экенин белгиледи жана жалпы өлкөдөгү мындай көйгөйлөрдү комитеттин эмки жыйынында дыкат талдоого алууну сунуш кылды.

Жыйында мектептерде жылына 24 сааттык программаны ишке ашыруу пландалганы менен, анын майрамга туш келген сааттары кандай өткөрүлөрү каралбагандыгы, майрам күндөрүндөгү сааттар кесилип, мугалимдердин эмгек акылары кыскарып калып жаткандыгы айтылды.

Жыйынтыгында комитет айтылган көйгөйлөрдү комитеттин 4-майдагы жыйынында тиешелүү мамлекеттик мекеме өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууга алуу боюнча чечим кабыл алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан