Жалал-Абадда цирк коюп жаткандардын унаасынан өрт чыгып, бир маймыл, кийим-кечелер күйүп кетти

Жалал-Абад шаарында цирк коюп жаткандардын унаасынан өрт чыгып, бир маймыл, кийим-кечелер күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт кырсыгы кечээ, 28-апрель күнү саат 05:40 чамасында катталган. Анда цирк коюп жаткандардын Петербилт үлгүсүндөгү унаасынан өрт чыгып, бир маймыл, циркке кийилүүчү атайын формалар, сыналгы, принтер, муздаткыч, 4 шкаф, 4 отургуч, документтер күйгөн. Кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
umar92
2015-04-29 10:04:17
Еее кийим кече мал дуйно табылат маймылга убал болуптурда((((((
+6
Kana
2015-04-29 10:09:17
umar92, Окуп алып кулдум го сенин коментарийинди туура айтасын )))
+1
sezimay
2015-04-29 13:42:58
маймыл убал болуптур, бул жерде куло турган нерсе жок, маймыл болсо да тируу жан
+2
chinko
2015-04-29 19:26:54
Ошол окуяга чейин эки кун мурун ушул цирк коючулар,бир маймыл менен Жалал-Абаддын телеканалдарынын бирине туз эфирге чыккан эле. Маймылдын кылган кылыктарына кулуп жыргадык эле каап маймыл болсода адамдын канча мээнети кеткен уйротконго, акылдуу экен эле.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан