Орусиянын абактарында камалып отурган миңге жакын кыргыз жараны эркиндикке чыгышы мүмкүн
Орусиянын абактарында отурган 1000ге жакын кыргыз жараны эркиндикке чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу 29-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек ИманалиевSUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, бул тууралуу 28-апрелде Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Виктор Заварзиндин Ош шаардык кеңешинин депутаттары менен жолугушуусунда сөз болду. Орусиянын Мамлекеттик Думасы тарабынан Жеңиштин 70 жылдыгына карата абакта отурган 1000 кыргыз жаранына мунапыс берүү тууралуу мыйзам кабыл алынганы айтылды. "Биздин мигранттар үчүн бул абдан жакшы жаңылык экени талашсыз, биз бул үчүн Мамлекеттик Думадагы кесиптештерибизге ыраазыбыз",- деди Иманалиев.