Панфилов районунда жол кырсыгы катталып, 2 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 28-апрель күнү саат 00:30 чамасында Панфилов – Чалдыбар унаа жолунда болгон. Анда 21 жаштагы айдоочу Тойота Ипсум үлгүсүндөгү унаасын башкара албай калып, натыйжада унаа ала салып кеткен. Анын кесепетинен 17 жана 21 жаштагы эки жүргүнчү бала каза таап, айдоочу жана 5 мектеп окуучусу жабыркаган.