Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 2, Нарын облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы болгон.
Бишкекте 4 кабаттуу турак үйдүн сырткы пенопласт жасалгалары күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.