Сотто 3-октябрдагы митингдеги оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу суралды

"Ата Журт" партиясынын 3 депутаты боюнча өтүп жаткан сотто күбө Рустам Жумашев буларды айтты: "Тынчтык митинги болот, келип бериңиз, унааңызды колдонолу" деп 2 бала келгенинен макул болдум. Мага 7 миң сом беришти. Митинг күнү оор жүк ташуучу унаамдын артындагы жабуусун ачып бердим, өздөрү аппаратураларды орнотушкан. Мен уктап калгандыктан, митингде эмне тууралуу сөз болгонун уккан жокмун». Күбө буга кошумча митингде милиция кызматкерлери унаасын талкалап, өзүн дубинка менен урганын билдирди. Ал эми жактоочу Шарабидин Токтосунов күбөнүн депутаттарга эч кандай доосу жок экендигин маалымдады. Анын айтымында, Жумашевдин талкаланган унаасынын чыгымын депутат Садыр Жапаровдун байкеси төлөп бергендигин айтып берди.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан