Бишкекте шаар тургуну маңзат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 50 жаштагы жаран кайрылган. Анда ал коңшусунун үйүнө күндө шектүү адамдар келип, тынчтык бербей жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары үй ээси кармалган. Анын жашаган жерин текшерүү учурунда маңзат жана жарылуучу зат табылган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.