Кара-Суу районундагы атылган снаряд боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 27-апрель күнү 36806-аскер бөлүгүндө батальондук-тактикалык машыгуу жүрүп жаткан. Ошол учурда атылган снаряддын гильзасы Кызыл-Байрак айылындагы турак үйлөрдүн биринин чатырына тийген.
“Келтирилген чыгым төлөнүп берилди. Үй ээсинин аскер бөлүгүнө эч кандай дооматы жок” деп айтылат Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын тараткан маалыматында.
Айта кетсек, кечээ, 28-апрелде Кызыл-Байрак айылындагы турак үйлөрдүн биринин чатырына белгисиз тараптан атылган снаряд тийгени айтылган эле.