Азия өнүктүрүү банкы жана Евразия өнүктүрүү банкы Токтогул ГЭСинин II фазасын калыбына келтирүүгө 210 миллион доллар бөлүп берүүгө даяр. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу Кубанычбек Турдубаев билдирди.
Анын айтымында, тиешелүү макулдашууга 2014-жылы кол коюлган. "Бул макулдашуу Токтогул ГЭСиндеги ар бир агрегаттын кубаттуулугун 60 мегаваттка жогорулатуу менен аны реконструкциялоо аркылуу Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун жакшыртуу максатында иштелип чыккан. Долбоордун жалпы наркы 250 миллион долларга бааланууда",- деди Турдубаев.
Мындан тышкары ал Токтогул ГЭСин калыбына келтирүүнү каржылоо 3 булактан бөлүнгөнүн баса белгиледи. "Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу 110 миллион доллар (анын ичинен 44,5 миллион доллары грант, 65,5 миллион доллары жеңилдетилген насыя болуп эсептелет). Евразия өнүктүрүү банкынын каржылоосу 100 миллион долларын түзөт – 100 пайыз жеңилдетилген насыя. Ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтү салыктан бошотуу түрүндө
40 миллион долларга жакын сумманы каржылайт",- деп түшүндүрдү Турдубаев.
Жыйында 2014-жылдын 26-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. II фаза” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору каралууда.