Ноокат райондук аскер комиссариатынын кызматкери 24 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Ноокат райондук аскер комиссариатынын кызматкери 24 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 44 жаштагы Ноокат районунун тургуну кайрылган. Анда ал аталган райондун Аскер комиссариатынын эки кызматкери баласынын альтернативдүү кызматта калуусу үчүн 24 миң сом талап кылып жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, А.Т. аттуу кызматкер пара алып жаткан жеринен кармалды. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан