Беларустун борбору Минск шаарында 28-29-апрелде соода-экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз-беларусь өкмөттөрү аралык комиссиянын 5-жыйыны өттү. Өкмөттөн билдиришкендей, жыйында айыл чарба, соода, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо, чакан жана орто ишкердикти колдоо, билим берүү жана илим, эки өлкөнүн аймактары ортосундагы байланышты өнүктүрүү тармагындагы кызматташуу тууралуу пикир алышуу болду.
Жыйын соңунда "Кыргыз Республикасы - Беларусь" ишкерлер кызматташтык кеңешин түзүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүү чечими кабыл алынды. Тараптар кыргыз фермерлеринин кайрылуусу боюнча айыл чарба азыктарын, керектүү техникаларды жеткирүү жаатындагы мамилени улантуу керектигин белгилешкени айтылды.