"Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаковдун буйругуна ылайык, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетечкиси болуп Сеит Абдырахманов дайындалды. Айта кетсек, буга чейин аталган кызматта иштеп келген Жаныбек Жалалов Баткен шаарынын мэри болуп шайланган.
Облус жетекчисинин дагы бир буйругу менен өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын уюштуруу инспектордук иштери жана көзөмөл бөлүмүнүн башчысы болуп Жанышбек Мусурманкулов дайындалды. Буга чейин бул кызматта иштеп келген Арстан Ходжаев өз эрки менен кызматынан алынган. Ал эми Жеңиш Разаковдун кеңешчиси болуп Асан Бахапов дайындалганын өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат-катчысы Мамажан Бердишев билдирди.