Лейлектин Арка өрөөнүн энергетикалык көз карандысыздыкка жеткирүүгө багытталган мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү

Жогорку Кеңештин 29-апрелдеги жыйынында Баткен облусундагы Лейлек районунун Арка массивин электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртууга багытталган мыйзамдын долбоору каралды.

Энергетика жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучу Кубанычбек Турдубаевдин айтымында, насыялык макулдашуудан келип чыккан иш-чараларды "Кыргыз Республикасынын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому ишке ашырат. "Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка массивин электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртуу" долбоору насыялык макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып 3 жылдын ичинде аяктоого тийиш. Насыяны төлөөнүн жылдык пайызы 0,75ке барабар. Долбоордун алкагында жалпысынан 18,00 миллион доллар бөлүнөт. "Ислам" өнүктүрүү банкынын заёмдук каржылоого катышуусу 16,25 миллион долларды түзөт. Насыялык макулдашууга ылайык, "Кыргыз Республикасынын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун сарптоолору 1,75 миллион доллар болот",- деди Турдубаев.

Жыйынтыгында бул мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан