"3-октябрдагы митингде депутат Садыр Жапаров бийликти басып алуу тууралуу бир дагы сөз сүйлөгөн жок". Бул сөздү бүгүн, 19-февралда сотто күбө катары суралып жаткан Мирлан Ибраев айтты. Ал митингчилердин колунан союл же таш көрбөгөнүн айтты. "2-октябрда Садыр Жапаров менен сүйлөшүү болуп, анда ал "эртең чагымчыл аракеттер болуп кетсе өзүңөрдү кармагыла, "Кумтөр" маселеси боюнча сүйлөш керек, бийликти кошпогула" деп айткан" деди күбө. Мындан сырткары күбө Садыр Жапаров Ташиев сүйлөп бүткөн соң ал жерден кеткенин жана митингчилерди үйүнө кетирүү тууралуу айтканын кошумчалады. Аталган күбө митингге катышуу үчүн Ысык-Көл облусунан келгени белгилүү болду.