Өкмөт башчылык кызматка экономика министри
Темир Сариев, биринчи вице-премьер-министр
Тайырбек Сарпашев, өзгөчө кырдаалдар министри
Кубатбек Боронов жана Бишкектин экс-мэри
Иса Өмүркуловдун талапкерлиги сунушталууда. Бул тууралуу 29-апрелде
SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештен билдиришти. Маалым болгондой, аты аталгандардын талапкерлигин кароо үчүн бүгүн Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк жыйынга чогулат. Мыйзам боюнча эми Жогорку Кеңеш 15 күндүн ичинде бир чечимге келип, өкмөт башчылык кызматка бир талапкерди көрсөтүүсү зарыл.
Айта кетсек, буга чейинки өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев өз арызы менен кызматтан кеткен.