Нарында белгилүү композитор Жумамүдүн Шералиевдин 100 жылдык мааракесине карата марафон өткөрүлүүдө

Бүгүн, 29-апрелде Нарын шаарындагы Муратбек Рыскулов атындагы Академиялык музыкалуу драма театрында белгилүү композитор, Кыргыз ССРинин Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси Жумамүдүн Шералиевдин 100 жылдык мааракесине карата марафон өткөрүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Анын айтымында, алгач иш-чараны КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов ачып, өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн атынан акча чогултулуп жаткан кутуга 50 миң сом салды. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппарат жетекчиси Жаныбек Дүйшеев аппараттын бир күндүк айлык акысын которду. 

Марафонго район акимдери, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жамааты катышууда. Улуу таланттын 100 жылдык мааракесине карата марафонду өткөрүү боюнча түзүлгөн комиссия аталган иш-чараны бүгүн саат 16:00дө жыйынтыктап, чогултулган каражатты Жумамүдүн Шералиев атындагы фонддун эсебине которот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан