"Ата Мекен" фракциясы өкмөт башчылык кызматка Темир Сариевдин талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы өкмөт башчылык кызматка экономика министринин милдетин аткаруучу Темир Сариевдин талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу 29-апрелде SUPER.KG порталына депутат Ташполот Балтабаев билдирди. Анын айтымында, фракция мүчөлөрү жалпы бир добуштан колдоого алышты. "Фракция жыйынында бир гана Темир Сариевдин талапкерлиги каралды. Башка талапкерлердин тизмеси киргизилген жок",- деди Балтабаев.  
Айта кетсек, өкмөт башчылык кызматка Сариевден башка биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Тайырбек Сарпашев, өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу Кубатбек Боронбаев жана Бишкек шаарынын экс-мэри Иса Өмүркуловдун талапкерлиги сунушталып жатканы айтылган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан