"Бишкектин Жал кичи районунда кылмыштуу чөйрөнүн өкүлү Дамир Сапарбековду атып өлтүрдү" деп шектелгендердин бири 1990-жылы туулган Адилет Казаков Сакал каймана аты менен белгилүү Улан Токтосуновдун кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде күч органдарындагы өздүк булактар билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 27-апрелде саат 23:30 чамасында болгон. Анда эки белгисиз адам үйүнүн кире беришинен Дамир Сапарбековду атып кетишкен. Ошол учурда үй-бүлөсү жанында болгон. Сапарбеков алган жараатынан улам ооруканадан каза тапкан.
Окуя болгон жерден кылмышка шектүүлөрдүн бири кармалган. Ал эми экинчиси качып кетүүгө үлгүргөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
Айта кетсек, Дамир Сапарбеков 1979-жылы Талас облусунун Манас районунда туулган. Ал өлкөдөгү кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү жана кылмыштуу чөйрөдө “положенец” деген статуска ээ болгон. Анын абактан чыкканына эки ай болгон.