Жылнаама, 30-апрель: Мындан 45 жыл мурун "Даңазалуу кылым" сериалында Сулейман султандын ролун ойногон түрк актёру Халит Эргенч төрөлгөн

* Мындан 5 жыл мурун, 2010-жылы Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде "Улуттук гезит" сыйлыгын тапшыруу аземи болгон. Жыл сайын кыргыз өлкөсүндөгү гезиттердин ийгилик жыйынтыгын чыгарган бул аземде "Жылдын нускасы" наамына катарынан үчүнчү ирет "Супер-Инфо" гезити татыган. 
 
* Мындан 54 жыл мурун, 1961-жылы советтик врач-хирург Леонид Рогозов өзүнө өзү операция жасаган. Антарктидадагы "Новолазаревская" станциясында 27 жаштагы советтик врач-хирург Леонид Рогозов өзүн жаман сезип, сокур ичеги болуп калган. Станцияда андан башка врач жок болгондуктан, өзүнө өзү операция жасоону чечкен. Метеоролог жана айдоочусунун жардамы менен операция 1 саат 45 мүнөткө созулуп, Леонид Рогозов сокур ичегисин алып салган.
* Мындан 48 жыл мурун, 1967-жылы советтик жана орусиялык ырчы, актёр, композитор, продюсер, Орусиянын Эмгек сиңирген жана Эл артисти, Украинанын, Чеченстандын, Ингушетиянын Эл артисти Филипп Киркоров Болгариянын Варна шаарында теги армян болгон болгар ырчысы Бедрос Киркоровдун үй-бүлөсүндө туулган. 
Музыкалык окуу жайды 21 жашында артыкчылык менен бүтүргөн, бирок чыгармачылык жолун андан 3 жыл мурун эле баштаган. 1985-жылы болгар тилиндеги “Алёша” деген ыры менен биринчи жолу көгүлтүр экранга чыккан. Ошондон кийин чыгармачылык чыйыры башталып, 1987-жылы акын Илья Резник менен таанышат да, Илья Резник жаш ырчыга чоң жардам көрсөткөн биринчи адам болуп калган. 1988-жылы Илья Резниктин кечесинде Филипп Алла Пугачёва менен жолугушуп, ошондон тарта Алла Пугачёва менен биргеликте иштей баштаган. Ал эми 1994-жылы Киркоров орус эстрадасынын примадоннасы Алла Пугачёвага үйлөнүп, 15-март күнү нике күбөлүгүн алышкан. Салтанат Санкт-Петербург шаарында өтүп, никеге катталууну ошол кездеги шаардын мэри Анатолий Собчак өзү көзөмөлдөгөн. Экөө он жылдан ашык чогуу өмүр сүрүп, 2005-жылы ажырашышкан.
* Мындан 45 жыл мурун, 1970-жылы "Даңазалуу кылым" сериалында Сулейман султандын ролун ойногон түрк актёру Халит Эргенч Стамбул шаарында төрөлгөн. Орто мектепти бүткөн соң, 1988-жылы Стамбул шаарындагы Технологиялык университетке өз каалоосу менен тапшырган. Бирок күнүмдүк жашоосуна акча табыш үчүн оператор, маркетолог болуп иштегенге мажбур болуп, бир жылдан кийин окуусунан айдалган. 
1996-жылы Халит үчүн жашоонун жаңы барагы ачылат. Түркиянын кино айдыңында көздөрү көк асмандай тунук, кумарлуу Халит Эргенч аттуу актёр пайда болот. 2012-жылы актёр "Даңазалуу кылым" сериалына баш-оту менен киришип, султан Сулеймандын ролун мыкты деңгээлде аткарган. Андан сырткары Халит Эргенч "1001 түн", "Зерда", "Биринчи махабат", "Конок" сыяктуу тасмаларда көрүнүктүү ролдорду жараткан.
30-апрелде кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан