Бишкекте 5 күндөн бери дайынсыз делген Мирлан Купсуралиев изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Мирлан Купсуралиев 1979-жылы туулган. Ал үстүбүздөгү жылдын 24-апрелинде үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.
Бою 167-170 сантиметр чамасында. Ошол күнү кара күрмө, кара шым, ак-кара футболка, күрөң туфли кийип жүргөн.
Мирлан Купсуралиевди көрүп-билгендер болсо (0312) 43-28-15, (0550) 10-28-72, (0700) 90-56-11, (0701) 41-15-08, (0772) 15-49-67 номурларына чалып, кабарлап койсоңуздар.