Асылбек Жээнбеков: "Парламенттик шайлоону таза өткөрүү - парламенттик демократияны бекемдөөдөгү маанилүү этап"

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 29-апрелде Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын Укуктук маселелер жана эл аралык мамилелер боюнча комиссиясынын мүчөлөрү Халук Ипек менен Садагат Валиеваны кабыл алды.

Жээнбеков аталган комиссиянын кезектеги жыйынынын ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. “Кыргыз мамлекети ТүркПА курамындагы өлкөлөр менен ишенимдүү мамилени бекемдөөгө дилгир жана келечекте бул эл аралык уюмдун алкагында түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы мамилени бекемдөө үчүн иш-чараларды өткөрүүнү кароодо”,- деп билдирди спикер. 

Кыргыз жеринде быйыл парламенттик шайлоо өтөрүн маалымдаган төрага: “Алдыдагы парламенттик шайлоону ачык, таза өткөрүүнү уюштуруу - кыргыз мамлекетиндеги парламенттик демократияны бекемдөө процессиндеги өтө маанилүү этап”,- деп кошумчалады.

Жолугушууда комиссия мүчөсү, Түркия парламентинин депутаты Халук Ипек комиссия ТүркПАнын укуктук-ченемдик базасын мындан ары дагы жакшыртуу боюнча иштерди алдыга жылдырууга бардык аракет жумшаарын белгиледи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан