29-апрелде премьер-министрдин милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасы Томас Йордан менен жолугушту.
Жолугушууда Оторбаев Швейцария тарапка өлкөнү өнүктүрүүдөгү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруудагы көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип: "Кыргыз мамлекети демократиялык процесстерди уюштурууда, экономиканы өнүктүрүүдө, калкты социалдык жактан колдоо жаатында Швейцариянын тажрыйбасын өздөштүрүүдө",- деди.
Томас Йордан Швейцария жана кыргыз өлкөсүнүн Улуттук банкы узак мөөнөттүү терең байланыштарга ээ экенин белгиледи. "Биз мындан ары дагы кыргыз мамлекети менен тыгыз кызматташууну улантууга ниеттенүүдөбүз",- деп кошумчалады ал.
Тараптар банктык жана каржылык тармактагы эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, кыргыз өлкөсүнө инвестиция тартуу жана туризмди өнүктүрүү маселелерин да талкуулашканын өкмөттөн билдиришти.