Ак-Талаа районунда сууга чөгүп кеткен адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 29-апрелде аталган райондун Кашка-Суу жайлоосундагы көлмөгө 1981-жылы туулган Талант Калжанбаев чөгүп кеткен. Аны издөөгө куткаруучулар тартылып, Калжанбаевдин сөөгүн табышкан.