Алмаз Алимбеков "Кыргыз алтындын" директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Алмаз Алимбеков "Кыргыз алтын" ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка 29-апрелде өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев кол койгонун өкмөттөн билдиришти. Анын талапкерлигин ишкананын Директорлор кеңеши сунуштаганы айтылды. А.Алимбеков өкмөттүн өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеп келген.
Эскерте кетсек, "Кыргыз алтындын" башчысы Токон Мамытов 10-апрелде кызматтан кеткен. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан